Акыркы 5 жылда 8 миң адам жаза мөөнөтү бүтүп эркиндикке чыккан.
Бошонгондор жумуш орду менен камсыз болорун Борбор Азия боюнча эл аралык түрмө реформасынын регионалдык директору Азамат Шамбилов билдирет.
«Алардын көбүнүн орто билими жок. Жакынкы 2 жылда мыйзамга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип, мамлекеттик программа иштеп чыгып жана соттолгондорду жумушка орноштуруунун механизмдерин иштеп чыгууну пландап жатабыз. Долбоор борбордо эле эмес, аймактарда да иштейт» — дейт ал.
Анын айтымында, абакта отуруп чыккандарды жумушка орноштурууга жана аларды социалдык жашоого кайтарууга Англия 200 миң доллар бөлөт.