Жолду кесип өтүп бараткан эки адамды ал оюндун айынан байкабай калган.
Бир аял ошол жерде жан берген. Ал эми айдоочу камакка алынды. Анын айтуусу боюнча ал өтүп бараткандарды көргөн эмес.
Оюнду иштеп чыккан Niantic Inc. компаниясы каза болгон адамдын үй бүлөсүнө көңүл айтып, окуя тергелип бүткөндөн кийин керектүү чараларды карап чыгууга сөз берди.
Pokemon Go оюну жарыкка чыккандан кийин смартфон колдонуучулардын арасында өтө тез тарап кетти. Анын өзгөчөлүгү оюн талаасы менен реалдуу айлана чөйрөнүн байланышта болгондугунда.