Көп адамдын өмүрүн алып кеткен зилзалага байланыштуу өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Италиянын премьер-министри Маттео Ренцига көңүл айтты.
«Кыргыз өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман каза болгондордун жакындарына жана үй бүлөлөрүнө көңүл айтам. Жарадар болгондорго эртерээк сакайып кетүүнү каалайм» — деп телеграммада жазылат.
24-августтун таңында Италиянын борбордук бөлүгүндө күчү 6,2 баллга жеткен кыйратуучу жер титирөө катталган. Анын кесепетинен имараттар урап адамдарды басып калган. Азыркы учурда издөө иштери жүрүүдө.
Буга чейин 247 адамдын жабыр тартканы маалым болгон.