Коңшу өлкөнүн ИИМи камоодогу кыргыз жарандарын телемунарада мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн деп тапты.
Анткени, Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакты өзүнө таандык деп эсептейт.
Өзбек басылмалары ИИМге таянып, кармалган КРдин 4 жараны мыйзамсыз түрдө башка аймакка киргендиги үчүн жоопко тартыларын жазып чыгышты.
Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандан 7 милиция кызматкери Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка кирип келишкен. Көп өтпөй радио релейлик станцияда иштеп жүргөн Абдумиталип Урманов, Урмат Бердалиев, Жеңиш Ташматов и Нурбек Усупбаевди кармап кетишкени маалым болгон.
Азыркы учурда КРдин тышкы иштер министрлиги өзбек тарап менен дипломатиялык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жарандарды бошотууга аракет жасоодо.