Москвадагы типографияда болгон өрттөн улам каза болгон 14 кыргыз жараны жана ОШ-Бишкек 9 жарандын каза болгондугуна байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев 29-августту аза күтүү күнү деп жарыялап жана жарлыкка кол койду.

Жарлыкта мындай деп жазылган:

27-августта бир эле убакытта эки кайгылуу окуя болду. Кыргыз Республикасынын 14 жараны Москва щаарындагы өрттөн мерт кетишти. Бишкек-Ош лолунда унаакырсыгына кабылган 9 жараныбыз каза болушту.

Бул кыргыз эли үчүн чоң жоготуу. Мамлекеттик органдары каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына колдоо көрсөтүү иштерин жүргүзүп жатат. Каза болгондордун себебин иликтөө иштери жүрүп жататЮ ошондой эле Орусия Федерациясынын мамлекеттик бийлик органдары мене сүлөшүүлөр жүрүп жатат.

Каза болгондордун жана жабыр тарткандардын жакындарына терен кайгыруу менен көңул айтып, буйрук берилет:

1. 2016 жылдын 29-август күнүн аза күтүү деп жарыялоо;

2. Бул күнү Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелерде Кыргыз Республикасынын желегин төмөндөтүү;

3. Кыргыз Республикасындагы маданий мекемелерде жана терерадио компанияларда оюн-зоок жана иш чараларды токтотуу;

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөту  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте каза болгондордун жакындарына жардам көрсөтү;

5. Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет

Эске сала кетсек, 27-августта Москва шаарында Алтуфьевск шоссесиндеги басма кана үйүндө өрт чыгып, натыйжада 17 адам мерт кеткен. Алардын 14 кыргыз жарандары болгон.