Быйылкы жылдын январь-июнунда тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы мурунку жылдыкына салыштырмалуу 1,5 эсеге кыскарды.
Ал 342 млн долларды түздү. Инвестициялар (дээрлик 88%зы) финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына, геологиялык чалгындоого, ошондой эле иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталды. Биринчиси 4,9 эсеге көбөйдү, ал эми геологиялык чалгындоого –2,1 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталганы — 3,1 эсеге төмөндөдү.
КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор – Кытай болду (8,1%). Англиядан, Канададан жана Туркиядан инвестициялардын келүү агымы кыскарды (2,6 эсе).
Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын түшүү көлөмү 1,8 эсеге өскөн, мында Россия (2,2 эсеге өскөн) жана Казакстан (3,8 эсеге өскөн) негизги инвесторлор болуп саналышты. Беларусияныкы тескерисинче кыскарганын улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.