Кайрылууда чейрек кылым — бул жеке адамдын тагдырында гана эмес, мамлекеттин тагдыры үчүн дагы аз мѳѳнѳт эмес экени жазылган.

Куттуктагандар:Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дюшебаев, Исмаил Исаков, Эмилбек Каптагаев, Өмүрбек Текебаев, Болот Шер.

“Бул убакытта биз кѳз карандысыз мамлекет катары калыптанып, өлкөбүз эл аралык уюмдардын толук кандуу укуктуу мүчѳсү катары демократиялык жана укуктук мамлекеттин пайдубалын түптѳй алды. Улуттук экономикабыз ѳнүгүү жолуна түшүп,  дүйнѳлүк экономикада ѳз ордун тапты. Бизде күчтүү жарандык коом жаралып, сѳз эркиндиги жана ой-пикир плюрализми  бекемделди.  Намысты бийик тутуу, мекенчилдик, эркиндикти аздектѳѳ жана акыйкаттыкка умтулуу  биздин улуттук мүнѳздүн ѳзгѳчѳлүктѳрү болуп калды”, — деп жазылган.