Өзбекстандын вице-премьер министри Рустам Азимов дүйшөмбү күнү үй камагына алынган.

Бул нерсени Ислам Каримовдун өлумү тууралуу маалыматка тиешеси бар дешүүдө «Регнум» жана «Федералдык” агентволору.

Бирок финансы министрлигинин кабылдамасында Азимов жумуш ордунда экенин билдирди.

«Министрилик күндөгүдөй эле иштеп жатат, жетекчилик ордунда. Рустам Садикович өзүнүн кабинетинде» — деп билдирди финансы министринин кызматкери.

Азимов вице-премьерлик ордунда 2000-жылдан бери кызмат кылып келет. ММКларга Каримовдун өлгөндүгү тууралуу маалыматтар тараган. Бирок Өзбекстан бийлиги президенттин өлүмүн төгүндөштү. Каримовдун абалы туруктуу, анын өмүрү кооптуу эмес.

Автор: Нуркыз Маматова