Кытайдын тышкы иштер министрлиги бүгүнкү Бишкектеги жардырууга байланышкан окуяны «олуттуу террордук чабуул» деп атады.
Орусия басылмалары Кытай терроризмди бардык түрүнө жооп кайтарарын жазат.
Атайын өткөрүлгөн брифингде аталган өлкөнүн ТИМи КРден жардырууга байланышкан окуяга карата аракеттерди көрүп, кытай жарандарынын коопсуздугун сактоону талап кылганы кошумчаланган.
Бүгүн эрте менен Кытай элчилигинде жардыруу болуп, аны жанкечти жасаганы маалым болгон.