«Лайонрок» атту тайфундан Хоккайда аймагында адамдар дайынсыз жоголууда.

Иватэ префектурасындыга карылар үйүн дарыянын суусу каптап кетип 9 адам каза болгон. Күбөлөрдүн айтымында аз убакыт аралыгында суунун деңгээли 6 метрге чейин көтөрүлүп кеткен.

Тайфундун кесепетинен бир айлык убакытта жаачу 300 мм жаан-чачын жааган. Дамбалар жарылып, куткаруучулардын катарына аскер кызматкерлери да кошулган. Үйлөрдүн биринчи каттарын суу каптагандыктан, үй чатырында жана унааларда жардам күтүп жактан адамдарды тик учак менен кайыктар алып кетүүдө.

Тайфун кечээ башталып, нөшөрлөгөн жамгыр менен катуу шамал болгон.