Өзбекстандын президентинин кызы Лола Каримова (Тилляева) атасын дарылоодо жардам тууралуу айтып берди.

Бул жөнүндө ал соцтармактагы баракчасына эгемендүүлүк майрамындагы куттуктап жатып, жазды.

“Атамды айыгып кетсин дегендерге ыраазычылык билдирем. Бул биз үчүн өтө маанилүү, сиздердин каалоолоруңуз чоң күч берет. Ошондой эле айыгып кетүүсүнө жардам берет деп ишенем», — деди ал.

Ислам Каримовду айрым ММКлар каза болду деп жазышкан. Бирок бул маалыматты Өзбекстандын президенттик аппаратынан төгүндөдү.

Автор: Нуркыз Маматова