Эгемендүүлүк күнүндөгү оперативдүү абал туруктуу болду.
Орчундуу окуялар менен өзгөчө кырдаалдуу абалдын катталбаганын ички иштер министрлиги билдирди.
«Салтанаттуу иш чараларга баш-аягы 4 миң милиция кызматкери тартылган. Атайын кызматтар тарабынан коомдук-саясий абал менен укук бузуулар жана кылмыштарга байланышкан эскертүүлөрдүн алды алынды» — деп ИИМден билдиришкен.
Кечээ ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.