Орусия федерациясынын түштүк-чыгышында жайгашкан деңиз жээгиндеги аймактарда бүгүн баштала турган кадимки окуу жылы 5-сентябрга жылдырылды.
«Лайонрок» тайфунунун коркунучунан аталган жердин 5 районундагы 13050 окуучу мектепке бара албай калды.
Жергиликтүү ӨКМнын билдирүүсү боюнча миңден ашуун адам жашаган аймактарда 248 үйдү суу каптаган. Эл убактылуу жашоочу жайга көчүрүлүп, азык-түлүк, дары-дармек, күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен камсыз болушуп, психологиялык колдоолор көрсөтүлгөн.
Жашоочулардын көбү атайын жайда жашап туруудан баш тартышкан. Адамдарды куткаруу үчүн 13 миң кызматкер тартылып, 2,5 миңден ашуун техника ишке киргизилген.