Түркия президенти Режеп Эрдоган оппозициялык ишмер Фетхуллах Гүленди өлкөгө кайтаруу маселесин АКШ президенти Барак Обама менен “Чоң жыйырмалык” саммити учурунда талкуулоону көздөөдө.
Иш-чара 4-сентябрда Кытайда өтөт.

Бул тууралуу Түркия президентинин атайын өкүлү Ибрагим Калын билдирди. Вашингтондо аталган билдирүүгө азырынча эч ким комментирий бере элек.

24-августта Анкарага келген АКШ вице-президенти Жо Байден Кошмо Штаттар Түркия менен Гүлендин ишине укуктук баа берүүдө кызматташарын билдирген. Байдендин айтымында, Вашингтон оппозиционерди мыйзамдын негизинде гана бере алат.

Түркия бийлиги АКШда жашаган Гүленди өлкөдөгү аскердик төңкөрүш аракетине айыптоодо. Диний ишмер бул кинелерди четке кагып, эгер анын күнөөсүн көз карандысыз сот далилдесе, мекенине кайтарын айткан.