Эртең турак жай, батир, бакча, үй алдындагы, короо алдындагы жер тилкелеринин салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктайт.
Төлөө мөөнөтүнүн аяктап баратышына байланыштуу мамлекеттик салык кызматы үй жана жер тилке ээлерин жетишип калууга эскертет. Өз убагындагы аракеттер үстөк төлөмдүн кошулушунан жана административдик жоопкерчиликтин алдын алат.
Салыкты аймактын салык органдарына, банктардын кассасына жана терминал аркылуу төлөөгө болот.
Өз убагында төлөбөгөндө 2 миң сом айып пулга жыгыларын салык кызматы билдирет.