Төлөмдү бир гана орусиялыктар эмес, кыргызстандыктардын да туугандары ала алышат.

Бул маалыматты эмгек жана ишке орношуу федералдык кызматынын жетекчисинин орун басары Михаил Иванков билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

ОФнын мыйзамына ылайык, эгер жаран мыйзамдуу түрдө жумушка орношкон болсо, атайын акт толтурулуп соц.камсыздандаруу кызматына берилет жана туугандарына 1 млн рубль төлөнөт. Бул легалдуу иштеген чет жердик жарандарга да тиешелүү.

«Биздин максат азыр каза болгондор таза жумушка орношту беле билүү. Биз жакынкы бир-эки жума аралыгында толук маалыматты алабыз деп ишенебиз»,- деп билдирди Иванков