ЖК депутаттары эс алууну 12-сентябрга чейин улантты.

Бул чечим бүгүн 1-сентябрда парламенттин жыйынында кабыл алынды.

Демилгени депутат Кожобек Рысбаев көтөрүп чыгып, ага 69 эл өкүлү макул болушту.

Ошондой эле депутаттар 3-8 сентябрда өтө турчу II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына да катышат.