Чейрек кылым ичинде заман, жашоо өзгөрдү. Техниканын, инновациянын өнүгүүсү менен кээ бир күнүмдүк колдонулган сүйлөмдөрдөн бери өзгөргөн.
25 жыл мурун «ата-энебизге үй кинотеатрын сатып берели деп жатабыз» десе кулакка өөн угулмак.
- Мен жайлоодо болом, керек болсом чөнтөк телефонума чал.
 - Байкоосуздан телефонумдагы сүрөттөрүмдү өчүрүп алдым.
 - Паролумду унутуп почтама кире албай жатам.
 - Мен сага 5 мүнөт мурун кат жөнөткөм, окудуңбу?
 - Машинада келе жатып кино көргөнгө жетиштим.
 - Чоң кыз телефонуңду берчи мага.
 - Бул ырларды, видеолорду телефонуңа жүктөп ал.
 - Ал экөө интернеттен таанышып баш кошушкан.
 - Менин сүрөтүмө бүгүн эң көп лайк басылды.
 - Мен ал досумду классташтар сайтынан таптым.
 - Сени фейсбуктан көрбөй калдым.
 - Жаңы көйнөгүңдү вотсаптан жөнөтүп жибер.
 - Балам менен скайп аркылуу сүйлөштүм.
 






























