Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын демилгеси жана каржылык колдоосу менен көчмөндө оюндарына карата чет жерден келген туристтерге жергиликтүү эл менен пикир алышуу, өтүп жаткан оюндарды, аларда колдонгон сөздөрдү түшүнүү үчүн атайын сүйлөшмөнүн мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.
Бул мобилдик тиркеме 3 тилди: орусча-кыргызча, англисче-кыргызча жана түркчө-кыргызча сүйлөшмөлөрдү камтыйт.
Аталган тиркемени бардык андроид платформасындагы каражаттардан жүктөп алууга болот. Тиркемени google plаy баракчасынан “mamtil lingvo” аталышын терип, же болбосо mamtil.kg сайтында берилген шилтемеден жүктөп алса болот.
Кийинчерээк бул тиркеме кыргыз тилин жеңил үйрөнүү бөлүмдөрү менен толукталып, iOS платформасында иштеген каражаттарынан да алып колдонууга жеткиликтүү болмокчу.