Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ата-Бейит”  мемориалдык комплексте 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелигинин ачуу аземине катышты.

Курулуш жарым-жартылай бүтүп калганда мемориалга эмне сөздөр жазылат деген маселе чыгып калды. Аны эч ким ойлобоптур. Авторлор да, комиссия да. Бир нече күн талкуулап, алдыңызда турган алты сапка токтодук.

Бул алты сап ыр кыргыз элинин байыркы тарыхын да, келечекке үмүтүн да камтып турат. Төрт сабы эски кыргыз эл ырынан алынган.

«Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз,

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз» , — деген саптар байыркы кыргыздардын убагында дүңгүрөп, ак калпактарды кийип алып, дүнүйөгө жамгыр болуп төгүлүп, жоо-душмандарды кырып, кыргыздардын Энесайдан Тянь-Шанга чейин жайылган Улуу Кыргыз Каганатын курган мезгилин көрсөтсө,

«Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, чачылдык биз» , — деген саптар кыргыздардын Каганаты урап, андан кийин Кыргыз мамлекети да жок болуп, элибиз Шиберден Кытайга чейин чачылып, жамгыр күткөн чөптөй болуп, жалаң үмүт менен жашап калган мезгилин көрсөтөт.

Кыргызстан азыркы жолунан тайбашы керек. Кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улап, элибиздин биримдигин күндөн-күнгө бекемдеп, бир муштум болуп, бир күч болуп алга карай кетишибиз керек.

Элибиздин башына экинчи мындай караңгы күндөр түшпөсүн!

Жараткан элибизди ар кандай каргашадан, бөөдө кырсыктан сактасын!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!