“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында, Тарых жана маданият жылына карата “Калем жана ыйман” жыйнагынын экинчи  китеби жарык көрдү.

Жыйнакка кирген авторлордун арасында Эгемберди Эрматов, Маркабай Ааматов, Сулайман Рысбаев баштаган тажрыйбалуу калемгерлер менен бирге эл арасынан чыккан, Эсаналиев Абдилахат, Койсун Берикбаева  сыяктуу жаңы ысымдар бар. Китептен, ошондой эле Акбар Кубанычбеков, Кыял Тажиева өңдүү жаш акындардын чыгармаларын да таба аласыз. Чыгармалардын негизги мазмуну адеп-ахлакка, мекенди сүйүүгө, улууну урматтоого, жакшы мүнөзгө, адамдык асыл сапаттарга чакырат.

“Ыйман” фондунун “Калем жана ыйман” долбоору акын-жазуучуларды, анын ичинде жаңыдан чыгып келе жаткан, эл ичинен чыккан калемгерлерге колдоо көрсөтөт.