Орусиялык Юрий Лугвин кыздарды күйүп жаткан имараттан алып чыгууда жардамга келген ыктыярчылардын бири.

ЖК Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Юрий Лугвинди Көчмөндөр оюндарына чакырган.

Бул маалыматты Орусиядагы кыргыз биримдиги билдирет.

Ага ылайык, Лугвин 2-сентябрда түнү менен Кыргызстанга келет.

Учуп келүүгө Орусиядагы кыргыз элчилиги жардам берүүдө.

27-августта Москвадагы басмаканада өрт чыгып, 17 киши каза тапкан. Анын ичинде 14 кыргыз кызы бар.

Куткаруучу топ жана өрт өчүргүчтөрдү күтпөстөн күйүп жаткан имараттан кыздарды куткарууга 6 бала киришкен. Алар: Юрий Лугвин жана 5 кыргыз бала.