Президенттин Петер Буриан менен болгон жолугушуусунда бир катар маселелер каралды.
Кыргызстан менен Европа биримдигинин кызматташтыгындагы маселелер, эки тараптуу келишимдердин ишке ашуусу, шайлоо системасындагы жана башка тармактардагы кызматташуулар талкууга алынды.
Андан сырткары адам укуктарын коргоону күчөтүү, жемкорлук менен күрөшүү жана КРдин баш мыйзамын өзгөртүүдөгү сунуштар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Өлкө башчы Бурианга 1916-жылдагы окуяларга арналган мемориалдын ачылыш аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына да катышат.
Жолугушууда Евробиримдиктин КРги өкүлчүлүгүнүн башчысы Чезаре Де Монтис да болгонун президенттик аппараттан билдиришти.