Guardian англиялык басылмасы Ислам Кримовдун өлүмүнүн жашырылганы жөнүндө жазып чыкты.
Аны ал Кытай императору Цинь Шихуандинин өлүмү менен салыштырды. Шихуанди алыскы бир өлкөдө көз жумган. Императордон кийин турган журт башчылары элдин толкунунан коркуп, өлумүн жашырып коюну чечишкен. Анын сөөгү келаткан арабага кадимкидей тамак-аш ташылып, сөөктүн жыты жыттанбашы үчүн бүксүп кеткен балык менен алып келишкен. Ал арада хан сарайдагылар бийликке ким келерин жең ичинен чечип алууга жетишишкен.
«Андан бери 2 миң жылдык өтсө да, ушуга окшош окуя кайталанганды. Каримовдун өлүмүнүн жашырылышы эки жүздүүлүк катары бааланганы менен 31 млн эли бар Өзбекстандын жарандарына таасир деле берген эмес. Атка минерлер үчүн керек болсо өлүмдү да кармап турууга болот. Мамлекет тарабынан айтылмайынча чындык — чындык эмес» — деп жазган.
Кечээ кечинде Ислам Каримовдун каза болгондугу тууралуу расмий кабар айтылган. Буга чейин бир нече сайттар анын өлгөнү жөнүндө жазышканы менен өкмөт булактары мындай маалыматты аныктаган эмес.