Бүгүн Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жерге берилди. Тажыяга 17 мамлекеттен делегациялар катышты. 

Анын сөөгү өзүнүн кичи мекени Самаркандда ата-энеси жана туугандары жаткан көрүстөнгө коюлду.

Белгилей кетсек, анын каза болгондугу тууралуу маалымат кечээ расмий жарыяланган. Буга чейин аны 27-августта өтүп кеткендиги тууралуу кабарлар айтылган.