II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана КМШ өлкө башчыларынын саммитине байланыштуу мамлекеттик чек ара кызматыны күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөгө өттү.

3-сентябрдан баштап кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрүү пункттарында эки өлкөнүн жарандарын өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Ошол эле маалда мекенине кайтып келе жаткан Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары тоскоолдуксуз өткөрүлөт.

Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар атайын каралган тартипте өткөрүлүп турарын чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.