Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда, Самарканд шаарында өзбек премьер-министр Шавкат Мирзеёв менен жолугушту.

Премьер-министрлердин жолугушуусунда соода-экономикалык өнөктөштүктүн келечеги, айыл чарба тармагындагы, транспорт инфраструктурасындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Негизги көңүл чек ара маселелерине бурулду.

Жолугушууга ЖКнын төрагасынын орун басары Нурбек Алимбеков, депутат Анвар Артыков, КРдин Өзбекстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков катышты.

Өзбекстанда 6-сентябрга чейин Ислам Каримовдун өлүмүнө байланыштуу аза күтүү жарыялагандыктан, кыргыз жарандарын бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтоп турат.