Ханчжоуда «Чоң жыйырмалыктын» (G20) саммитинде Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Барак Обаманын жолугушуусу башталды.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жолугуп, эки тараптын бир чечимге келе албай койгондугунан улам, Сириядагы аракеттерди координациялоо боюнча келишимге кол коюлган эмес.

Ал эми президенттердин жолугушуу сунушун кечээ Обама киргизген. Эмне жөнүндө сөз болору тууралуу расмий түрдө билдирүү берилген жок.

Бул эки президенттин быйылкы жылдагы биринчи жолугушуусу. Буга чейин алар былтыр ноябрда Париждеги жыйында болушкан.