Келерки жылдан баштап ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн бардыгында «ЕАЭБде жасалган» деген товар маркировкалары пайда болот.
«Орусияда жасалган» («Сделано в России») этикеткасы «ЕАЭБде жасалган» деп өзгөрөт. Бул келерки жылы ишке ашырыла турган жаңы долбоор болуп эсептелинет.
Программага катышкан ишкана жана мекемелер мамлекеттик сатуулардан жана товарларын башка өлкөлөргө сатууда артыкчылыктарга ээ болушат. Андан сырткары «евразиялык товар» деген түшүнүк суроо-талаптарды жогорулатышы керек.
Жаңы долбоор атаандаштыкта иш алып барып келген ишканаларга бирдей шарттарды түзүп берет.