Пилотсуз учак өлкөнүн батышында эң кем дегенде 7 согушкерди өлтүргөн.

Дрондун чабуулу учурунда алар Мариб провинциясындагы бир үйдө болушкан. Божомолдорго караганда пилотсуз учактар АКШнын аскер аба күчтөрүнө таандык болушу мүмкүн.

 2014-жылдан бери Йеменде эки тараптуу куралдуу салгылаш болуп жүрүүдө. Бир тарабында аталган өлкөнүн экс-президенти Али Абдалла Салехага тишелүү аскердин бир бөлүгү, экинчи тарабында президент Абд Рабба Мансур Хадиге тиешелүү өкмөттүк аскер турат. Былтыркы жылдан баштап Сауд Арабиясы башында турган араб өлкөлөрүнүн коалициясы Йемендин бийлиги тарапта аскер аракеттерин жасап келет.