Орусия президенти Самарканд шаарына келери менен көрүстөндү көздөй жөнөгөн.

Ал премьер-министр Шавкат Мирзияев менен Ислам Каримовдун бейитине барып, кызыл роза гүлдөрүнөн турган гүлчамбарды койду.

Андан сырткары, жесир калган Татьяна Каримова менен кичүү кызы Лола Каримова-Тилляевага көңүл айтты.

Ислам Каримов 2-сентябрда инсулт оорусунан улам көз жумду. Азыркы учурда парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Нигматилла Юлдашев убактылуу өлкөнү башкарууда.
Буга чейин Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков президенттин Өзбекстанга барарын билдирип, бул сапар расмий эмес, көңүл айтууга арналган өздүк сапар болорун кошумчалаган эле.