Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда ылдамдыкка боз үй тигүү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Ага 7 облус жана 2 шаардан келген 33 команда ат салышты.
Эң ылдам көрсөткүч Ысык-Ата районунан келген жигиттердики — 10 мүнөт 16 секунд. Ал эми буга чейинки рекорд казакстандыктарга таандык болгон — 14 мүнөт 10 секунд.
Жалпы байге фонду 150 миң сом.