“Айгине” маданий- изилдөө борборунун жетекчилери буга чейин көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларына нараазылыгын билдиришкен.
Алардын айтымында, оюндарда “маш ботой” ойногон комузчуларды эч ким Бишкеке келген соң тосуп алган эмес. Жыйынтыгында балдар тамак- суусу жок 3-4 саат жолдо калышкан.
Ал эми ДКОнын басма сөз катчылыгы кабарлагандай, бул маалыматтар чындыкка жатпайт.
“Уюштуруучулар тарабынан бардык шарттар түзүлүп берилди. Ачылуу аземи бүткөндөн кийин комузчулар 20 куратордун коштоосунда Бишкек шаарына учуп кетишкен. «Манас» аэропортуна балдар конгон соң чынында эле автобусту күтүүгө мажбур болушкан. Себеби техникалык бузуулардан улам, унаа 1 саатка кармалып калган. 2-3 саат күтүштү деген маалымат чындыкка жатпайт. Кураторлор автобустар келбээрин билип, өз алдынча кетип калышкан. Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары комузчу балдарга жана ата- энелерине келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. «Айгине» борборуна бардык кеткен чыгымдар төлөнүп берилди”,- деп билдиришти.