«Печатный экспресс» басмакананын башчысы мыйзамсыз иш жүргүзүп, кыздар патенти жок эмгектенишкен. Ошондой эле ишкана 4 жылдан бери өрт кызматы тарабынан текшерилген эмес.

Каза болгондор убактылуу жумушка киргенин, ал эми басмакана жумушчуларды патенти жок алып келгенин директордун жактоочусу Елена Звездина билдирди.

«Ал келтирилген зыяндарды төлөп берүүгө даяр. Окуядан соң изин жашырып кеткенинин себеби өнөктөштөрү менен эсептешүү иштерин жүргүзүп жүргөн. Директордон үч киши акча каражатын алды» — дейт жактоочу.

 Звездинанын билдирүүсүндө Сергей Москвин күнөөсүн толугу менен мойнуна алат.

«Бирок, менин позициям башкача. Анткени, мен бул кокустан болгон кырсык жана мен аны күнөөлү деп эсептебейм» — дейт ал.

Анын билдирүүсүндө өрт коопсуздугуна басмакананын башкы инженери жооп бериши керек. Ал болгон окуядан кийин федералдык издөөгө алынган. Жакынкы арада Москванын Останкино соту ишкерге кандай жаза берилиши керек экендигин чечет.

Орусиянын башкы прокуратурасынын билдирүүсү боюнча кыргызстандык 12 кыздын экөө гана Москвада мыйзамдуу каттоодо турган. Андан сырткары, басмакана 4 жылдан бери өрт кызматы тарабынан текшерилген эмес.