Лос-Анжелестин Беверли-Хилз районундагы атактуу үй 1925-жылы салынган. 

Ал АКШгы эң кымбат кыймылсыз мүлктүн катарына кирет. Анын 2 гектарлык аянтында 6 курулуш, түнкү клуб, кинотеатр жана 28 уктоочу бөлмөлүү чоң үй жайгашкан.

Аталган үй (особняк) акыркы убактарда айына 600 миң долларга ижарага берилип келген. Азыркы ээси сатуу үчүн үйдүн үстүнө 30 млн доллар кошуп жатканы айтылууда.

Бул үйдө 1953-жылы АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди менен жубайы Жаклин экөө бал айын өткөрүшкөн. Андан сырткары бул имарат «Өкүл ата» (Крёстный отец) фильминдеги бир кадрлар менен белгилүү. Тасмада белгилүү актёр Аль Пачино тартылып, фильм «Оскар» сыйлыгына татыган.