“Мобильник” терминалынан 200 миң сом уурдаган киши компаниянын инкассатору болуп чыкты

Автор -
446

Жасаган кылмышын инкассатор алдын ала пландаштырганын айтып берди. 12-апрелде дүкөндөрдүн биринде жайгашкан терминалды текшергенден кийин эшигин атайын бекитпей койгон.

Бишкек ШИИБ маалыматы боюнча, 14-апрелде эртең менен дүкөнгө кирип, сатуучусу алаксып турганынан пайдаланып, 199 миң 290 сом уурдап чыккан. Милицияга арыз түшкөндөн кийин кармалып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

ИнкассаторКармалган акча Терминал