Миграциялык мыйзамда эреже бузуу менен кармалгандар административдик айып төлөп жана өлкөдөн чыгарылууга тийиш деп жазылган.

Кыргызстандан барган мигранттарга байланышкан мыйзам долбоорун мамлекеттик дума кайрадан карап чыгаарын миграция боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакытбек Адылов билдирди.

«2014-жылы аталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип «же» деген байламтанын ордуна «жана» деген сөз алмаштырылып жазылган. Анда эреже бузган мигрант административдик айып төлөйт же өлкөдөн чыгарылат деген сүйлөм «айып төлөйт жана өлкөдөн чыгарылат» болуп оңдолгон эле. Азыр эки жазанын бири гана ишке ашырыла турган мыйзам долбоору каралганы турат» — деди Адылов.

КРдин Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев 119 кыргыз жараны дагы деле кара тизмеден чыгарылбай турганын билдирди.

«Алардын көбү каттоо эрежелерин бузушкан. «Резинадай чоюлган» батирлердин маселеси да бар. Москва алдындагы миграция борборунда каттоо мыйзамын бузган 600 адам бар. Тилекке каршы соттун чечимисиз алар өлкөдөн сырткары чыга албайт. Ошондуктан, биз жарандарды жашап жана иштеп жаткан өлкөлөрдүн мыйзамдарын бузбоого чакырат элек» — дейт ал.