Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ТЮРКСОЙ башкы катчысы Дюсен Касеиновду кабыл алды.
Дюсен Касеинов уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана келечек пландары тууралуу маалымат берди, тактап айтканда, ТЮРКСОЙ түрк тилдүү мамлекеттердин көзкарандысыздыгынын 25 жылдыгын биргелешип майрамдоо демилгесин көтөрүп жаткандыгына токтолду. Ал белгилегендей, ТЮРКСОЙ түрк тилдүү элдердин маданий-тарыхый мурасын жана жалпы рухий баалуулуктарын эл аралык деңгээлде сактоо, иликтөө жана жайылтуу ишин алып барууда.
Өкмөт башчы эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ТЮРКСОЙдун ишин жогору баалады.
«Түркмөнстанда 2015-жылдын ноябрь айында өткөн ТЮРКСОЙ маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 23-жыйынында 2016-жылды Ж.Баласагындын туулгандыгынын 1000 жылдыгына байланыштуу Жусуп Баласагын жылы деп жарыялоо тууралуу чечим кабыл алынган. Үстүбүздөгү жылы Ж.Баласагындын 1000 жылдыгына арналган бардык иш-чаралар жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишеним билдирем», – деп белгиледи Жээнбеков.