Лоран Лехтенштайн биринчи жолу Кыргызстанга келди.
Ал Кыргызстандын эли башкаларга салыштырмалуу мейман достугу менен айырмалана турганын айтты.
«Мага бул жактын эли жакты. Алар ачык экен, пикир алмашууда жагымдуу маанай тартуулашат. Ошондой эле кереметтүү жаратылышы менен жакты», -дейт ал.
Ал көчмөндөр оюндары жөнүндө тасманы тартып жатат. Эми аны Франциянын «Экидия» деген телеканалында көрсөтөт.