«Авиатор» аталышындагы авиатаксилер быйылкы жылдын ноябрынан баштап уча баштайт.

Adjara Group компаниясынын башкы директору Валери Чехерия азыркы учурда лицензия алуу менен алек экенин кабарлайт. Анын айтымында, биринчи рейс 15-ноябрда учат деп пландалууда. Азырынча авиакаттам Казбеги, Батуми жана Сванетияга ачылып, кийин Грузиядан тышкары чыгарылат.

Beechcraft деп аталган 8 орундуу учактар жашоочулар менен конокторду ташыйт. Ал АКШдан сатылып алынган. Таксинин баасы азырынча айтыла элек.

Мындай авиатаксилер азыр дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Башка авиа учактардан айырмасы рейстерди күтүп отуруу, катталууга убакыт коротуунун кереги жок. Болгону 10-15 мүнөт эрте келип, бажы каттоосунан өтүп коюу керек.