Кечээ КРдин башкы прокуратурасы Минскиде өткөн КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун координациялык кеңешмесинин 26-жыйынына катышты.

Кеңешмеге Кыргызстандан Индира Жолдубаева жетектеген башкы прокуратуранын делегациясы барган. Анда терроризмге, баңги заттарын мыйзамсыз жүргүзүүгө, адам сатуу жана жемкорлукка каршы күрөшүүгө багытталган  актуалдуу маселелер талкууланган.

Башкы прокурор Жолдубаева Беларусиянын  башкы прокурору Александр Конюк менен жолугушуп, эки мамлекеттин ортосундагы укуктук маселелерди биргелешип кароого макулдашып,  азыркы учурда ошол жакта жүргөн Курманбек Бакиев жана анын туугандарына карата кыргыз сотунун чыгарган өкүмдөрүн таануу жана алардын  аткарылышы тууралуу маанилүү маселелерди талкуулашты.

Экс-президент Курманбек Бакиев 2010-жылдан бери Беларусияда баш паанек кылып келет. Аны аталган өлкөгө президент Лукашенко чакырган. Ал эми Кыргызстан Бакиевди экстрадиция кыла албай убара.