XX кылымда косметика чөйрөсү революцияга айланган.

Этика жана эстетика боюнча CIDESCO эл аралык комитети эл аралык сулуулук күнүн белгилөө демилгесин көтөрүп чыккан.
1995-жылдан тарта бул күн майрам деп белгиленет. Мындан улам, көпчүлүк мамлекеттерде 9-сентябрда сулуулук боюнча сынактар өткөрүлүп келет.

Тарыхта алгачкы жолу сулуулук сынагы 1888-жылы Бельгияда өткөн. Ал эми биринчи «Аалам периси» сулуулук сынагы  Лондондо 1951-жылы болгон.

 

Сынактардан тышкары, моделдик стандартка жооп бербеген же башкача айтканда «өтө сулуу эмес» адамдар бул күнү түрдүү жүрүштөрдү, акциялар жана фестивалдарды өткөрүшөт.

Бул күндү  косметологдор, косметика каражаттарын чыгаргандар, сатуучулар, пластикалык хирургдар жана моделдик бизнесте эмгектенгендер белгилешет

Автор: Нуркыз Маматова