Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү.
Анда белгилүү кыргыз ырчылары менен биргеликте дүйнө жылдыздары катышышты.
Азем премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун салтанаттуу сөзү менен аяктады.
“Көчмөндөр оюндары — глобалдык масштабдагы иш-чарага айланды. Бул оюндар Кыргызстандын дүйнө маданиятына кошкон дагы бир салымы. Ал жер жүзүндөгү бардык көчмөн элдеринин өз ара түшүнүүсүнө түрткү болот. Президенттин тапшырмасы менен оюндарды уюштурууга чоң салым кошкон адамдарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылат”,- деп жыйынтыктады өз сөзүн премьер- министр.
Айта кетсек, көчмөндөр оюндары Кыргызстандын аймагында 2 жылда бир өткөрүлүүчү иш-чара катары уланмакчы.






























