Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан Франциянын Кыргызстандагы элчиси  Стефан Катты кабыл алды.

Кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон салымы үчүн ага “Даңк” медалын тапшырды.

Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн элчиге ыраазычылык билдирип, кыргыз-француз мамилелерин өнүктүрүүдөгү анын жеке ролун жана эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымын белгиледи. Президент кийинки жылдары кыргыз-француз мамилелери кыйла активдешкенин жана Франция Европа бирлигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана маанилүү союздашы болуп калганын белгиледи.

Атамбаевдин айтымында, Каттын Кыргызстандагы ишмердиги өлкөдө демократиялык принциптерге негизделген жаңы саясий системаны бекемдөө,  коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө маанилүү өзгөрүүлөр мезгилине туш болду..