Миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев Москвада өрт чыккан “Печатный экспресс” басмакананын директорунун жактоочусу Елена Звездина менен жолукту.

Жолугушууда өрттөн каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп, айлык маяналарын берүү тууралуу талкууланган.

Бүгүн эртең менен каза болгондордун айлык маяналары үй-бүлөсүнө которулган.

17 адамдын өмүрүн алган өрт 27-августта Москвадагы «Печатный экспресс» басмаканасына таандык кампада чыккан. Андан 14 кыргызстандык каза тапкан.