«Евровидение-2017ни» өткөрүү үчүн Украинанын Киев шаары тандалды.
Жер тандоо каржы маселелерине байланыштуу улам жылдырылып келген. Сынакка тандап алуу да Киевде болот. Ал эми финалисттерди тандоо Киев, Днепр жана Одесса шаарларында өтөт.
Украинанын маданият министри Евгений Нищук аталган өлкөдө сынакты өткөрүүгө даяр жер жок экенин кабарлап, Львов шаарына атайын жай салына турганын белгилеген эле.
«Талапка ылайык көп адамга эсептелген үстү жабык жер бизде жок. Киевдеги олимп стадионунун чатыры асыла турган жабдууларды көтөрө албайт» — деген ал.
«Евровидение-2016» Швециянын Стокгольм шаарында өткөн.