Түркиянын юстиция министрлиги АКШга Фетхуллах Гүленди камакка алуу боюнча кат жиберген.
Риа новости жазгандай, бул Түркиянын Гүленди камакка алуу боюнча Америкага жиберген биринчи талабы экен.
Гүлен 16-июлга караган түнү болгон аскерий төңкөрүш аракетине күнөөлөнүүдө. Төңкөрүштө 240 адам каза таап, 2,1 миң киши жаракат алган.
Анын аркасынан Түркия бийлиги 60 миңдей аскер кызматкери, полиция, сот, бийлик төбөлдөрү, агартуучуларды жумуштан алган. Көбү камакка алынган. Андан сырткары гүленге тиешеси бар делген 130 ММК, 16 телеканал жана 45 гезит жабылган.