Ар улуттун кол өнөрчүлүк буюмдары, тамак-ашы жана сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков өз сөзүндө кырктан ашуун улуттун өкүлдөрү көп жылдар бою ынтымакта, биримдикте, достукта жашап келишкенин баса белгиледи.
Иш-чарада ар улуттагылар келген меймандарга өз маданияттары, салттары, улуттук тамак-ашы жана кол өнөрчүлүгү менен тааныштырды.