Бозоргон көчөлөрдүн дубалдарын кызыл-тазыл сүрөттөргө боёгон бул чыгармачыл топтун жасаган иштери шаар тургундарын кубандырып келет.

Basicolors1

Граффити жана Стрит-арт Бишкекте

Дубалга сүрөт тарткан өнөр АКШда 20-кылымдын 20-жылдарында пайда болгон. Кийинчерээк башка мамлекеттерге жайыла баштаган. Кыргызстанга 90-жылдары келген.

Basicolors2

Шаар дубалдарындагы сүрөттөр 2008-2009-жылдары активдүү пайда боло баштаган. Аларды тарткан көбүнчө Basicolors командасы. Бул топто 10 жылдык тажрыйбасы бар рейтерлер эмгектенет. Алар бир гана шаар көчөлөрүн коздоо эмес, граффитини жаштар арасындагы легалдуу искусство түрү катары өнүктүрүү, шаардык эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга салым кошуу. Ошондой эле жаш көчө сүрөтчүлөрү менен тыгыз иштешүү жана калоочуларды граффити сүрөттөрүн тартуу техникасына да үйрөтүшөт.

Basicolors4

Виктор Цой аталган топтун негиздөөчүсү. Ал 1991-жылдан тарта граффити менен алектенип келгендигин айтат. Бардыгы Бишкекте өткөрүлгөн граффити фестивалынан соң башталган дейт ал.

«Ошол убакта креативдүү, өзгөчө топту түзгөнгө болот экендигине көзүм жеткен. Кызыккан жаштар, рейтерлер жетиштүү экен. Азыркы убакта биргеликте иштеп келебиз. Сүрөттөрүбүздүн эстетикалык кооздуктан мурун, мааниси да чоң»,- деп кошумчалады.

Basicolors6

«Бишкек мен сени сүйөм» долбоору

Basicolors5

Бул долбоор Сорос-Кыргызстан фонду, шаарды өнүктүрүү агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте ишке ашкан. Азыркы учурда 200дөн ашык билдирүү түшкөн. Негизги эгер ылайыктуу дубал болсо рейтерлер бекер кооздоп берүүгө даяр.

Basicolors7

Ошондой эле долбоордун алкагында мааниси зор 3 чоң там бүттү. Ушул жуманын аягында төртүнчүсүнүн ачылышы болот.

Basicolors10

Андан сырткары Basicolors Караколдун да тамдарын кооздоп кеткен. Алдыда Ош шаары бар. Бирок каражат жетишсиздигинен улам, бул ой ишке аша элек.

Basicolors9