Чолпон-Ата шаарында 15-сентябрдан тарта волейбол боюнча дүйнө чемпионаты старт алат.
Анда Азия конфедерациясынын борбордук аймагына кирген командалар өз ара мелдешишет.
Волейбол федерациясы билдиргендей, мелдештин экинчи туруна өтүү үчүн Бангладеш, Мальдива аралдары жана Кыргызстан беттешет.
Бул мелдештин жеңүүчүлөрү 2018-жылы боло турчу дүйнө чемпионатына өтүп, Азиянын мыкты командалары менен күч сынашууга мүмүкүнчүлүк ала алышат.
Башталашы Бишкек убактысы боюнча саат 17:30да.
Кыргызстан жана Бангладеш өз ара 2015-жылы ойношкон. Анда оюн Кыргызстандын пайдасына 3:0 менен аяктаган.
1-тур — 15-сентябрь
Кыргызстан-Бангладеш: 17:30
2-тур — 16-сентябрь
Мальдивы-Бангладеш: 17:00
3-тур — 17-сентябрь
Кыргызстан-Мальдивы: 17:00